Тарыхы

ТАРЫХЫ

ТИПОГРАФИЯНЫН ТАРЫХЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Типография” мамлекеттик ишканасы Кыргыз ССринин Министрлер Советинин 1950-жылдын 29-майындагы №401 токтому менен 1950-жылдын 10-июлунда Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Иш башкармасынын Типографиясы катары түзүлгөн. Биринчи директору болуп жолдош Ж.Ж.Залиханов дайындалган.

Типографиянын ишинин башкы милдети болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын жана анын ведмстволук уюмдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик бийлик органдарынын жана башкармалыгынын басма продукцияларды даярдоо жана сатуу.

Типография түзүлгөнүнөн баштап бир нече жолу кайра аталган, тактап айтканда:

  • Кыргыз ССРинин Минисрлер Советинин Иш башкармасынын типографиясы (10.07.1965жж.)

– Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1950-жылдын 29-майындагы № 401 токтому;

  • Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Чарбалык башкармалыгынын типографиясы – 16.07.1965 – 18.11.1981 жж.
  • Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Иш башкармасынын Чарбалык башкармалыгынын типографиясы – 18.11.1981 – 18.12.1990 жж.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 28-январындагы № 70 Указынын негизинде Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Иш башкармасынын Чарбалык башкармалыгына кайра аталган 04.07.1991-ж. № 80 буйругу – 16.09.1998-ж.

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Финансылык – чарбалык башкармалыгынын типографиясы;

  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын 1991-жылдын 8-сентябрындагы № 116 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Иш башкармасы жана Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө” буйругу.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 2-мартындагы № 28 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Админиятрациясынын Иш башкармасына кайра уюштурулган.

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Иш башкармасынын типографиясы – 08.10.1998 – 20.03.1999 – жж.;

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 20-мартындагы № 85 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына кайра түзүлгөн;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын типографиясы;

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы № 157 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына кайра аталган;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын 2013-жылдын 26-сентябрындагы № 163 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын типографиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Типография” Мамлекеттик ишканасына кайра аталган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-майындагы № 186 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы деп кайрадан аталган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын 2021-жылдын 25-майындагы № 115 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Типография" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын алдындагы “Типография" мамлекеттик ишканасы деп кайрадан аталган.